Президент Жапаров АКШнын Юта штатынын жетекчилиги менен жолугушту
- 3 недели мурун
- Жаңылыктар
Президенти Садыр Жапаров 19-сентябрда АКШга болгон иш сапарынын алкагында Солт-Лейк-Сити шаарындагы Капитолий имаратында Юта штатынын губернатору Спенсер Кокс жана сенаттын президенти Стюарт Адамс менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Маалыматта белгиленгендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын келечегин, ошондой эле Кыргызстан менен Юта штатынын ортосундагы экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык тармактардагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады.
Айрыкча тоо-кен өнөр жайы, туризм, спорт, маалыматтык технологиялар, финансы жана инфраструктураны өнүктүрүү багыттарындагы өз ара аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Президент ошондой эле АКШнын көк бөрү боюнча курама командасы өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында чоң таасир калтырганын, ал эми команданын капитаны, Юта штатынын тургуну Лэд Хауэл жогорку спорттук чеберчилигин көрсөткөнүн айтты.
Өз кезегинде губернатор Спенсер Кокс Садыр Жапаровго Юта штатына барууга чакырууну кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Кыргыз делегациясын жылуу тосуп алган сенаттын президенти Стюарт Адамс Юта экономикалык жактан эң өнүккөн штат болуп саналарына жана тоо-кен тармагында чоң потенциалга ээ экенине токтолду.
Садыр Жапаров тоо-кен, туризм, билим берүү жана финансы жаатында биргелешип иш алып баруу, ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын ортосунда түз авиакаттамдарды ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууга көңүл бурду.

Сүрөттөр: president.kg




