Парламенттин VII чакырылышынын келерки жыйыны жаңы жылдан кийин болот

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын жалпы жыйыны 2022-жылдын 12-январында улантылат.

Бул тууралуу 30-декабрдагы жалпы жыйында түштөн кийин белгилүү болду.

Түшкө чейин Жогорку Кеңештин структурасы комиссия тарабынан сунушталып, ал талкуулангандан кийин, кайра иштеп чыгууга жөнөтүлгөн.

Комиссия Жогорку Кеңешке 4 вице-спикерди жана 7 комитет түзүүнү сунуштаган.

Талкуудан кийин вице-спикерлердин санын кыскартуу, комитеттердин санын көбөйтүү боюнча сунуштар түшүп, комиссия структураны кайрадан иштеп чыкмакчы болгон.

30-декабрда түштөн кийин жыйын жана талкуу жаңы жылдан кийин улантылары айтылды.   

29-декабрда Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант берип, ишин баштады.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп депутат Талант Мамытов шайланды.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Сүрөт: Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы.

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты