Жогорку Кеңеште төрт вице-спикер сунушталды  

  • 2 года мурун

Бүгүн, 30-декабрда, Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын экинчи күндөгү жыйыны башталды. Анда Жогорку Кеңеште кечээ парламенттин структурасын аныктоо боюнча түзүлгөн комиссия жетекчиси Султан Айжигитов  Жогорку Кеңештин структурасын сунуштады.  

Буга чейин парламентте үч вице-спикер болгон. Комиссия 4 вице-спикер болушун сунуштады.

Комиссия 7 комитетке токтолгонун билдирди.

Адахан Мадумаров кабыл алынган мыйзамдарды көзөмөлгө алуу комитеттин ыйгарым укуктарына кирээрин айтып, маданият туууралуу жана бюджет боюнча комитет жок экенин билдирди. Мадумаров 12 комитетти, төраганын эки орун басарын сунуштады. Орун басардын бири — чарбалык, экинчиси мыйзамдарды иштеп чыгуу боюнча.

Ошондой эле депутат Нурбек Алимбеков  агрардык комитет түзүүнү колдоду.

Депутат Мирлан Самыйкожо да маданият комитетин сунуштаган Мадумаровду колдоду. Ошондой эле агрардык комитет түзүү сунушун жактырды.  Балбак Түлөбаев агрардык жана экологиялык комитет түзүүнү колдоду.  

Депутат Бакыт Төрөбаев комитетти көбөйтүп, кызмат алуу ниет бар экенине сын айтты.  

Депутат Арсланбек Малиев комиссия сунуштаган структура өтпөй турганын, сунуштар көп экенин билдирди. Айыл чарба, миграция, аялдар жана үй-бүлө комитетин түзүү сунушун колдоду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты