Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп депутат Талант Мамытов шайланды.

Парламенттин төрагалыгына 2 депутат талапкер болду. «Ынтымак» фракциясы Талант Мамытовдун, «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Адахан Мадумаровдун талапкерлигин сунуштаган.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, 63 добуш менен Талант Мамытов спикер болуп шайланды.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына «Ынтымак» партиясынын тизмеси боюнча шайланып келди. Буга 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо «Республика — Ата Журт» партиясынан депутат болуп шайланган. 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин Жогорку Кеңештин төрагалыгына шайланган.

Бүгүн, 29-декабрда, Жогорку Кеңештин жаңы шайланып келген депутаттары ант берип, ишин баштады.

Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоодо алты партия 5% босого чектен өткөн. Алар – “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Альянс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Ыйман Нуру” партиялары. Парламентте мурдагыдай 120 эмес, 90 депутат болот.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты