Жогорку Кеңештин жаңы чакырылышы ишин баштады

  • 2 года мурун

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаттары ант берип, ишин баштады.

Жаңы парламенттин отурумун шайланып келген депутаттардын эң улуусу, «Ынтымак» партиясынан Шарапаткан Мажитова ачты.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышына бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

№30 Ысык-Ата округунан депутат болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берген жок. Аны Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) «Улут аралык жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айыптап камакка алган. БШК сот чечими жоктугуна байланыштуу Таштанбековду депутат кылып каттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты