Бир мандаттуу эки округ боюнча кайра шайлоо 27-февралга бекитилди

  • 2 года мурун

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2022-жылдын 27-февралына бекитилди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын 27-декабрдагы отурумунда белгилүү болду.

Мындан тышкары Боршайком отурумда кайра шайлоону өткөрүүнүн календардык планын бекитти.

Белгилей кетсек, Кыргызстандан парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн. Жогоруда аталган шайлоо округдарында баарына каршы добуш бергендердин саны басымдуулук кылгандыктан, шайлоо өткөн жок деп таанылган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты