Парламентте депутаттардын чек ара боюнча маалыматы жабык эшик артында каралууда

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп келген депутаттардын маалыматы жабык эшик артында каралууда. Төрага Талант Мамытов чек ара маселеси жабык эшик артында каралсын деген сунуш келтирген.

22-сентябрда Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаал жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын жабык эшик артында угушкан. Жыйынтыгында депутаттар Баткен облусунун тургундары менен жолугуп келүү чечимин кабыл алышкан.

Буга чейин депутат Султанбай Айжигитов чек ара постторунун алынышы жана кол коюлган протоколдорду жокко чыгаруу сунуштарын берген.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты