Султанбай Айжигитов: Кыргыз-тажик кагылышууларынын булагы такыр башка жакта  

Бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов чек ара маселесин, андагы алынган 4 пост жана Кыргызстандын бул маселедеги чек ара боюнча саясаты жана Тажикстандын расмий саясаты тууралуу маселе көтөрдү.

-Өтө маанилүү участок, эки стратегиялык пост  болчу. Бирин 2019-жылы алдырып салган, аны биз жакшы билебиз. Азыр экинчи, Дача деген постту дагы алдырып жатабыз. Эгер буларды алдыра турган болсок, ошол участокту көзөмөлдү толугу менен жоготобуз дагы, толугу менен сойломо жол менен кирип, ошол участокту ээлеп алганга жол берип жатабыз.

Экинчи маанилүү участок- жайлообуз бар, ал чыгыш жагында Ворухтун, ал жерде токойлор, кенен жайлоолорубуз бар. Ошол жерлерди коргош үчүн Булак-Башы посту коюлган болчу. Биз аны да алып коюп жатабыз. Ал ошол жерлерибизди сойломо жол менен алып коюу аракеттери болгон үчүн коюлган. Ошол сойломо жол бизди басып алуудан кармап турган. Эми ошол жолду ачып берип жатабыз.

Эми дагы Керепсин деген аябай чоң жайлообуз бар, ал жерде токойлорубуз, Ак-Сай сайынын башы ошол жерде. Ошол жерлерди сойломо жол менен алып койбош үчүн, көзөмөлгө алыш үчүн Тамдык деген застава койгонбуз. Азыр ошол Тамдыкты да алып салдык. Демек, ошол жерлерди сойломо жол менен ээлей беришет.

Катта-Тузду айта турган болсок, Кыргызстанда нефть жана газы бар кен дээрлик жок, Катта-Туз нефть жана газдын запасы бар кен, ошол жерди тосуп, бүгүнкү күнгө чейин тажиктер колдонуп келе жатат мыйзамсыз, ошол жерди биротоло алып койбош үчүн ошол пост коюлган. Бүгүн ал постту дагы алып жатабыз. Демек, биздин кенибизди басып алганга берип жатабыз. Ал жерде эч ким жашабайт, тажиктер кирип басып алууга ачыктан ачык жол берип жатабыз.

Кечээ 42-протоколдо, ушул посттор алынганды дегенде, мындай деп айтылган: Ошол посттор аскердик согуштардын булагы имиш. Ошол эле постторду алып койсок, согуш булагы жоголот экен дагы, түбөлүккө тынчтык болот имиш. Бул — абдан чоң адашуу. Бул — ушунчалык үстүрт, примитивдүү анализ. Буга эч ким ишенбейт.

Ал эми кагылышуулардын булагы такыр башка жакта. Кагылышуулардын булагы – бүгүнкү Тажикстандын бийлигинин расмий саясатында болуп жатат. Ал расмий саясатын Тажикстандын тышкы иштер министри БУУда сүйлөп, ачыктан ачык айтып койду: ар түрдүү жалган жалааларды сүйлөп  мындай деп айтып жатат:

Биринчиси – “биздин терең өкүнүчүбүзгө байланыштуу кыргыз тарап 1950-жылдардан бери өзүм билемдик менен тажиктердин жерин кылдаттык менен басып келишүүдө. Ушул күнгө чейин Кыргызстан 2111 кв км жерди мыйзамсыз ээлеп келет дейт.

Бул — таптакыр негизсиз аймактык доомат. Биз аларга бир метр да доо койгон жокпуз.   Бул 21 11 кв км доомат коюп жатат.  Биздин Баткендин 17 миң квадрат км жери бар,  анын деле 90 кв км тоо.

Экинчиси- кыргыз тарап протоколдун негиздерин аткарбай жатат дейт. Же болбосо, же аскердик оор  техниканы алып кетимиш болуп, айылдарга катып коюшту дейт. Башкача айтканда аскери туруктуу дислокациясында эмес дейт.  

Ушуга байланыштуу кезектеги кагылышуулар кыргыздардын жоопкерчилигинде болот деп эсептейбиз деп жатат. Мындайча айтканда, тажиктер ушул дооматы менен дүйнөлүк коомчулукка эмдиги агрессиясына жол ачып, дүйнөлүк коомчулукту даярдап жатат.

Ятимов 42- протокол боюнча интервьюсунда ачык эле 42-протоколдун талаптары сакталса, тынчтык болот деп жатат. 2011-жылы 39-протокол боюнча да ушул эле сөздү айткан. Бул — аскер агрессиясына коркунуч. Бул протоколдорго алар мажбурлап кол койдурушту. Бул — ачык агрессия, тынчтыкка алып келбейт.

Ошондуктан мен сунуштайт элем:

Биринчиден, кандай протоколдорго  кол коюлган болсо, бизге шылтоо кылып, кол салып,  чагым кылып жаткан ошол протоколдорду иликтейли дегем февралда эле, комиссия түзүп. Ошолордун баарын иликтеп, системага салалы.

Андан кийин чечимдерди карап, ошол протоколдорду толугу менен жокко чыгарып салыш керек. себеби ал протоколдорго кол коюлганы менен, эч кандай процессуалдык жолду өткөн эмес ратификация болгон эмес. Онго жакын протоколубуз тажиктерге шылтоо берип жатат, бизге агрессия кылганга. Дүйнөнү агрессия кылабыз деп даярдап, бизди агрессор кылып жатат.

Ошондуктан Тажикстандын аскер агрессиясына жол берип жаткан ушул протоколдордун баарын жокко чыгарышыбыз керек. Жокко чыгарсак, укуктук базасы болбой калат.

Дүйнө жүзүнө эчак эле кайрылуу кылыш керек эле. Саясий бааны беришибиз керек. Дүйнө жүзүнө 2111 кв км досунан баш тартышы керек. Алар анан толук кандуу согуш ачат.

1994-жылы Президенттер кол койгон, парламентте ратификацияланган чечим. Бул- компромистүү, тез чечиле турган жол. Президенттин БУУда айткан сөзүн жылдыра беришибиз керек, деди Султанбай Айжигитов.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пунктарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты