Баткендеги өткөрүү пункттарында чек ара, бажы жана ветеринариянын 27 кызматкери кармалганы айтылды

  • 1 неделя мурун

5-июлда Баткен облусундагы “Кадамжай” жана “Чечме” көзөмөл-өткөрүү жайларынан Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облустук башкармалыгы (УКМК) “Альфа” атайын бөлүгү менен бирге Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын жана Ветеринардык көзөмөл кызматынын 27 кызматкерин кармаганын жеке булактарынын айтымында, 24 kg жана Кактус медиа жазып чыкты. Бул боюнча расмий маалыматтар бериле элек.

Маалыматтарда айтылгандай, 5-июлда кечинде Баткен облусундагы ”Кадамжай-автодорожный” жана “Чечме-автодорожный» чек ара көзөмөл-өткөрүү пункттарынан УКМКнын Баткен облустук башкармалыгы “Альфа ” атайын кызматы менен бирге Чек ара кызматынын, Бажы кызматынын жана Ветеринардык көзөмөл кызматынын кызматкерлерин коррупцияга шектүү катары кармаган. Эки өткөрүү жайынан кармалгандардын жалпы саны 27 кызматкер болгондугу айтылат.          

“Кадамжай” пунктуна атайын кызматтын кызматкерлери кирген учурда постто турган прапорщик Ш.Р. төрт ирет ок аткан. Сержант Р. бир жолу ок аткан. Аталган ЖМК булактары билдиргендей, Чек ара кызматынын кызматкерлеринен  38,5 миң сом, 5 миллион 484 миң өзбек суму, дагы кызматтык унаадан 200 миң сум чыккан. Акчалар алдын ала кызматтык унаага чехол алуу үчүн сумга которулганын айдоочу айтып берген.

Бажы кызматкерлеринен 100 миң сом, дагы суммасы такталып жаткан долларлар алынган.

Жеке булактардын айтымында, атайын операция жүрүп жаткан учурда өткөрүү жайлары жабылып, 3 миңдей киши жана 400дөй унаа күтүп турган.  

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан    

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты