«Достук-Автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 2-февралда «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунда мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурганы үчүн Ош облусу боюнча УКМКнын Чек ара кызматынын «Достук-автожол» көзөмөл өткөрүү пунктунун башчысы А.Н.О. кармалганын билдирди.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аталган кызмат адамы ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан тоскоолдуксуз өткөрүп берүү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турганы, ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым адамдарга колдоо көрсөтүп келгендиги боюнча шектелүүдө.

Терөө иштери улантылууда.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты