Оштогу 5 баласы менен энесинин өмүрүн алган өрт кырсыгы: ӨКМ кайрылуу жасады

Жакында Ош шаарындагы кырсыктарга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМ) кайрылуу жасады.  

Буга чейин маалымдалгандай, бүгүн, 22-октябрда, болжол менен саат 03:30да Ош шаарынын Орозбеков көчөсүндөгү №26 турак үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыккан. Маалымат ӨКМге саат 05:56да түшүп, 06:04тө Ош шаарынын өрт өчүрүү бөлүмү окуя болгон жерге жеткен. Саат 06:25те чектөөгө алынып, 09:46да толук өчүрүлгөн. ӨКМдин Ош шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн аянты болжол менен 280 ч.м. түзгөн

Кырсыктын себеби такталууда. Алдын ала маалымат боюнча, үйдө электр жылытуучу аспап колдонулган. Өрт Он-Адыр аймагында жайгашкан, үй ремонттолуп жаткан.

Өрт өчүрүүчүлөр келген учурда кырсыктын кесепетинен каза тапкан алты адамдын сөөгү табылган. Алар — 34 жаштагы аял жана анын 5 баласы (13, 11, 9, 6 жана 2 жашта) каза болгон. Жолдошу Түштүк Кореяга иштеп кеткен.

«Өрт коопсуздугу жөнүндө» мыйзамынын 16-беренесине ылайык, ӨКМ кызматкерлери жеке турак үйлөрдү алдын ала өрт коопсуздугу боюнча текшерүүгө укуктуу эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жыл башынан бери Ош шаарынын аймагында 65 өрт кырсыгы катталган. Алардын ичинен эң көп учур турак жай секторуна туура келип, 28 өрт кырсыгы дал ушул багытта, 33 учур электр шаймандарын туура эмес пайдалануунун кесепетинен келип чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Оштогу өрт кырсыгына байланыштуу элге кайрылуу жасады.

Акыркы мезгилде Ош шаарында өкүнүчтүү абалды жараткан өрт кырсыктары биринин артынан бири орун алды. Деги эле Кыргызстанда өрт кырсыгынын саны көбөйүп кетти. Статистика боюнча быйылкы жылдын башынан бери 9 айда республикада 2748 өрт кырсыгы катталды. Өткөн жылдын 9 айында 2284 учур катталып, өрттүн саны салыштырмалуу 25 пайызга өскөн.

Адам өлүмү боюнча айтсак, ушул акыркы окуяда каза болгондор менен кошо эсептегенде 40 адамдын өмүрүн алды, алардын 12си — жаш балдар.

“Кыш мезгили жакындап, электр жылыткычтарын массалык түрдө пайдалана баштайбыз. Аларды колдонууда сөзсүз эски электр чубалгыларын алмаштырып, кыска чыңалууларга жол бербөөгө аракет кылыныздар. Анткени өрттүн келип чыгуу себептеринин бири электр шаймандары экени белгилүү. Ар бирибиздин коопсуздугубуз өзүбүздүн колубузда. Жакындарыбыз жана балдарыбыз үчүн кайдыгер болбойлу!” деп айтылат кайрылууда.

Президент Садыр Жапаров Ош шаарында жана Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында акыркы күндөрү болгон кайгылуу окуялардын кесепетинен каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

19-октябрда Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты