Ошто көп кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты
- 2 месяца мурун
Ош шаарынын Маматисаков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу турак үйдө өрт чыкты. Бул тууралуу маалымат Өзгөчө кырдаалдар министрлигине саат 06:34тө келип түшкөн.
Өрттү өчүрүү жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо иштерине жалпы 8 өрт өчүрүү бөлүмү, 2 автошаты, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунан ыкчам топ жана Куткаруу кызматы тартылды. Мындан тышкары, окуя болгон жерге Ички иштер министрлигинин, тез жардам кызматтарынын кызматкерлери да жөнөтүлгөн.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген материалдык зыян боюнча маалымат бериле элек.
Муну бөлүшүү




