Ысык-Ата районунда цемент цистернасынын жарылуусунан эки киши каза тапкан   

  • 3 месяца мурун

21-октябрда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында жайгашкан кичи газоблок чыгаруучу ишканада жарылуу болгон. Мекемедеги цемент цистернасынын жарылуусунан эки адам каза болгон.

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын (ОИББ) басма сөз кызматы билдирди.

Бул окуя катталып, текшерүү иштери башталган. Окуя болгон жерге Ысык-Ата райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барган. Заводдун түштүк тарабында цемент куюлган цистерна жарылып кеткени аныкталган. Анда 1991-жылы туулган Х.С. жана 1964-жылы туулган Б.А. аттуу жумушчулар алган жаракаттарынан улам, окуя болгон жерде каза болгон.

Териштирүү убагында күбөлөр суралып, жарылуунун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Териштирүү иштери уланууда.

Буга чейин, 21-октябрда Instagram баракчасына Ысык-Ата районундагы заводдо жарылуу болгонун көрсөткөн видео жарыяланган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты