Чуңкурчактагы “Супара” этнокомплексинен өрт чыкты

Чүй облусунунн Аламүдүн районуна караштуу Чуңкурчак жергесиндеги “Супара” этнокомплексинен өрт чыкты. Андагы өрттүн видеотасмалары социалдык тармактарда тарады.

Тасмадан жеринде өрт өчүрүүчү кызматтар өрттү өчүрүп жатканын көрүүгө болот. Өрт андагы имараттарды каптаганын көрүүгө болот.

ӨКМдин маалыматы боюнча, Чуңкурчактагы өрт болжол менен 4-ноябрда саат 22:38де башталган. Өрттүн токойго жайылуу коркунучу жаралган.Өрттү өчүрүүгө ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде ыкчам топ, ошондой эле Ленин, Аламүдүн жана Октябрь райондук №28, №1, №5, №7 өрт-куткаруу бөлүмдөрүнөн жалпы 4 бөлүм жана тез жардам кызматы тартылган.

Өрт этнокомплекстин бөлмөсүнөн чыгып, жанындагы токойго таарап кетүү коркунучу жаралган.

Өрттүн себептери жана келтирилген чыгымдар тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

  Сүрөт: Видеодон

Видео: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты