Ош шаарында 6 кишинин өмүрүн алган өрт кырсыгы катталды 

Ош шаарындагы Жибек-Жолу аймактык башкармалыгындагы Орозбеков 26 көчөсүндө бүгүн, 22-октябрда, таңкы саат 3:30 чамасында турак үйдүн биринчи (жертөлө) кабатында өрт башталган.

Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы кабарлады.

Өрт алоолонуп, чатырына чыкканда кошуналары көрүшкөн.

Өрт өчүрүүчүлөр келген убакта үйдөгүлөрдөн сөөгү күйүп кеткен, таанылгыс абалында табылган. Күйүп кетип, жан бергендер 34 жаштагы энеси беш жаш баласы менен болгондугу аныкталган.

Ал жерде  Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, укук коргоо органдары, тиешелүү кызматтар иш алып барууда.

Сүрөт: Видео тасмадан алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты