Ош шаарында үйдөн өрт чыгып, үч өспүрүм кыз каза тапты
- 15 часов мурун
- Видео, Жаңылыктар
Бүгүн, 15-ноябрда, саат 04:42де Ош шаарынын Уста Абдухалил көчөсүндөгү №31 турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттүн кесепетинен үч өспүрүм каза тапкан. Дагы бир киши жабыркаган.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгы билдирди.
Туугандарынын айтымында, өрт болжол менен саат 04:00 чамасында башталган. Өрт башталгандан болжол менен 40 мүнөт өткөндөн кийин “101” кызматына кабар берилген.
Өрттү өчүрүүгө саат 04:45те Ош шаардык №12 Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, саат 04:53тө кошумча дагы бир бөлүм жана штаб тартылган.
Өрт саат 05:20да чектөөгө алынып, өрт катталган турак үйдөн 2013-жылы, 2016-жылы жана 2018-жылы туулган үч өспүрүмдүн кыздардын сөөгү табылган.
Ошондой эле үй ээси, 1991-жылы туулган киши болжол менен 60 пайыз күйүк алып, “Тез жардам” кызматы аркылуу Ош облустук ооруканасына жеткирилген.
Өрт саат 07:57де өчүрүлгөн. Тилсиз жоонун болжолдуу аянты 120 чарчы метрди түзгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




