Ош шаарынын мэриясы Райымбек Матраимовдун үйүнүн тосмосун бузууда

  • 4 месяца мурун

Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун Супаналиев көчөсүндөгү үйүнүн тосмосун буза баштаганын “Азаттык” жазды..

«Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын орун басары Максатбек Орозалиевдин айтымында, Матраимовдун үйүнүн тосмосунун 9 метри муниципалдык жерге тиешелүү. Калаа бийлиги короону курчаган дубалды алуу тууралуу былтыр декабрдын аягында эскертүү берген.

Буга чейин эркин журналист Ыдырыс Исаков Матраимовдун үйүнүн короосу муниципалдык жерге кирип кеткени тууралуу видео жарыялаган» деп айтылат маалыматта.

4-октябрда кечинде Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) суракка чакырылган. .

Ушул эле күнү Бишкеке кримтөбөл Камчыбек Көлбаев жок кылынганын Улуттук коопсуздук комитети тастыктады.

УКМКнын маалыматында уюшкан кылмыштуу топтун ишкерлердин өзгөчө ири суммада мүлктөрүн мыйзамсыз алып алгандыгы айтылат. Ошондой эле Камчы Көлбаевдин Дөө Чыңгыз аттуу каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Капаровду өлтүрүүгө тиешеси бар деген маалымат текшерилип жаткандыгы маалымдалды. Камчы Көлбаев Бишкекте “Блондер Паб” ресторанынын жанында УКМК кызматкердеринин талаптарын аткарбай, куралдуу каршылык көрсөткөнү белгиленди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовду «Коррупция» беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал Бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

Матраимовго карата соттун бул чечими жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, Бишкекте аны камакка алууну талап кылган акция өткөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев , 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин, Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты