Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2500дөн ашык автоунаа айып жайына токтотулду

Өлкө аймагында бир жума ичинде 27 233 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

2026-жылдын 6-ноябрынан 12-ноябрга чейин, баштапеы маалымат боюнча 27 233 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен: Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу-673, мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу -373, авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу-189 ж.б.

Жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 519 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Сүрөт: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты