“Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды”. Президент Ташиевдин Көлбаев тууралуу айткандары боюнча

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин Камчы Көлбаевди жок кылуу боюнча айткандарын президент Садыр  Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде комментарийледи.  

“Бул боюнча ал жогорку окуу жайлардын мугалимдери менен болгон жолугушуусунда сүйлөп жатып айтканын көрдүм. Билдирүүнүн видеосун көрсөңүздөр, ал орус тилинде сүйлөп атып айткан. Орус тили анын эне тили болбогондуктан, оюн жеткиликсиз айтып алды” деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле президент Жапаров ал окуя кандай болгонун эске салды:

“Ал эми жогоруда айтылган окуяга келсек, чындыгында эле ошол күнү маалымат түшөөрү менен, ошол кездеги башкы прокурорго чалып: “Окуя болгон жерге тез арада барып, дыкат карап мага ыкчам маалымат бериңиз” дегем. Ал окуя болгон жерге аскер прокурору жана тиешелүү кызматкерлери менен барып, жеринде текшеришип, “Камчы Көлбаевди кармоого аракет кылышканда, ал тараптан, анын жан сакчылары тараптан куралдуу каршылык болгон. Атайын кызматтын аскерлери өз өмүрлөрүн сактоо үчүн каршы ок чыгарууга мажбур болушкан, натыйжада кылмышка шектүү ошондон улам каза болуптур” деп маалымат берген.

«Башкача айтканда, кызматкерлер өздөрүнө берилген ыйгарым укуктардын, мыйзамдардын чегинен чыгышкан эмес. Кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мыйзам жана инструкция бар. Ушул мыйзамдар иштеген. Бул мыйзамдар эч кимдин буйругусуз аткарылат. Камчыбек Кыдыршаевич ушул жөнүндө орусча сүйлөп жатып толук жеткире айта албай калган. Бул мыйзам баардык өлкөлөрдө колдонулат. Бул — дүйнөлүк практика.

Кылмышка шектүүлөр куралдуу каршылык көрсөтүп атса, биз кылмыштуулукка каршы күрөшүп келген аскерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз да. Андыктан бул жакта эки ача пикир болушу мүмкүн эмес” деди Садыр Жапаров.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди жок кылуу чечимин эмне себептен кабыл алганын билдирди. Ал бул туурасында 16-январда өткөн билим берүү тармагындагы коррупция көйгөйүн талкуулоо боюнча билим берүү жана илим министринин орун басарлары, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугушууда айтты.

«Мен силерге чындыкты айтып коёюн, мага мыйзамдагы ууруларды жок кылуу үчүн чечимин кабыл алууга туура келди. Түшүнүп жатасыңарбы? Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мен бул чечимди кабыл алдым. Келечекте анын шериктерин жана кылмыштын башка мүчөлөрүн жок кылабыз. Мына бүгүнкү күндө өлкө бул башаламандыктан кутулду. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук жок, бул Борбордук Азияда, жада калса Борбордук Азияда гана эмес, балким, постсоветтик өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуулук жок жападан жалгыз өлкө» деген Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары боюнча 17-январда журналисттерге түшүндүрмө берди. Анын айткандарын Region телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Камчыбек Ташиев 16-январда Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугушууда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары «кээ бир батышчыл журналисттер» тарабынан бурмаланганын, мындан улам бул боюнча түшүндүрмө берүүнү чечкенин билдирди.

«Кээ бир журналисттер менин айткандарымды Көлбаевди жок кылууга мен жеке тапшырма бергендей же буйрукка кол койгондой кылып беришиптир. Албетте мындай эмес. Биз өзүбүздүн милдетибизди биздин мыйзамдарга ылайык аткарабыз» деген Камчыбек Ташиев.

Атайын кызмат 2023-жылы 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин мыйзамсыз алынган мүлкүнүн болжолдуу жалпы баасы 1 млрд долларды түзөөрүн жана алар камакка алынганын билдирди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты