Камчыбек Ташиев кримтөбөл Көлбаевди жок кылуу чечими тууралуу айтты

  • 2 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди жок кылуу чечимин эмне себептен кабыл алганын билдирди. Ал бул туурасында кечээ, 16-январда өткөн билим берүү тармагындагы коррупция көйгөйүн талкуулоо боюнча Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугушууда айтты.

Камчыбек Ташиев Камчы Көлбаевди жана уюшкан кылмыш дүйнөсүн жок кылуу чечимин мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кабыл алганын айтты.

Анын айтымында, уюшкан кылмыш дүйнөсүнүн мамлекеттикиндей эле системасы болгон. «Бул кылмыш мындай болгон, мыйзамдагы ууру бүткүл республика боюнча бийликти басып алган. Аларда мамлекеттикиндей эле система бар болгон. Алардын президенти — мыйзамдагы ууру болгон, ошондой эле калгандары облустар боюнча, райондор, шаарлар боюнча «смотрящийлер», «положенецтер» бар болгон. Алар ишкерлерден жана башкалардан акча чогултушкан. Алардын ушундай күчтүү структурасы бар болчу. Бизге мажбур чараларды көрүүгө туура келди»,- деген ал.

Ташиев мындан ары дагы уюшкан кылмыштуу топторду жок кылуу иштери жүрөрүн билдирип, Кыргызстандан азыркы учурда уюшкан кылмыштуулук жок экендигин айткан.

«Мен силерге чындыкты айтып коёюн, мага мыйзамдагы ууруларды жок кылуу үчүн чечимин кабыл алууга туура келди. Түшүнүп жатасыңарбы? Мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн мен бул чечимди кабыл алдым. Келечекте анын шериктерин жана кылмыштын башка мүчөлөрүн жок кылабыз. Мына бүгүн күндө өлкө бул башаламандыктан кутулду. Өлкөдө уюшкан кылмыштуулук жок, бул Борбордук Азияда, жада калса Борбордук Азияда гана эмес, балким, постсоветтик өлкөлөрдө уюшкан кылмыштуулук жок жападан жалгыз өлкө»,- деген Ташиев.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты