УКМК Чолпон-Атада Көлбаевге таандык объекттин жанынан курал-жарак табылганын билдирди

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан Чолпон-Ата шаарынын айланасынан жок кылынган уюшкан кылмыштуу топтун лидери Камчы Көлбаевге таандык болгон объекттин жанынан курал-жарак катылган жай табылды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы билдирди.

Окуя болгон жерди кароо учурунда 4 кесилген мылтык (обрез), револьвер, ошондой эле дагы башка куралдар жана беткап алынган. Ыкчам маалыматтарга ылайык, аталган жашыруун жай мурда мыйзамсыз аракеттерди жасоодо ок атуучу курал колдонгон Камчы Көлбаевдин (К.Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү тарабынан   пайдаланылып келгендиги айтылды.

Тергөө иштери улантылууда.

Атайын кызмат 2023-жылы 24-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Сүрөт: УКМК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты