Камчыбек Ташиев кримтөбөл Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча айткандарына түшүндүрмө берди
- 2 месяца мурун
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди. Анын айткандарын Region телеканалынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.
Камчыбек Ташиев 16-январда Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугушууда кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы тууралуу айткандары «кээ бир батышчыл журналисттер» тарабынан бурмаланганын, мындан улам бул боюнча түшүндүрмө берүүнү чечкенин билдирди.
«Кээ бир журналисттер менин айткандарымды Көлбаевди жок кылууга мен жеке тапшырма бергендей же буйрукка кол койгондой кылып беришиптир. Албетте мындай эмес. Биз өзүбүздүн милдетибизди биздин мыйзамдарга ылайык аткарабыз»,- деген ал.
Ошондой эле Ташиев 2023-жылдын 4-октябрында Камчы Көлбаев Дөө Чыңгыздын өлтүрүлүшүнө байланыштуу иш боюнча тергөө жүргүзүү үчүн аны алып келүүгө барган күч органдарына каршылык көргөзүп, аларга ок чыгаргандыгы үчүн өлтүрүлгөнүн айтты.
«Биздин кызматкерлердин тобу Камчы Көлбаевди анын Дөө Чыңгыздын өлүмүнө тиешеси бар экенин иликтөө үчүн алып келиши керек болчу. Бизде анын Дөө Чыңгыздын өлүмүнө тиешеси бар экендиги боюнча конкреттүү маалыматтар, конкреттүү далилдер бар болчу. Биздин кызматкерлер Камчы Көлбаев жүргөн Blonder Pub ресторанына келишкенде, анын куралданган күзөтчүлөрү кызматкерлерге жолтоо болушкан. «Альфанын» кызматкерлери жолтоо болуп жаткан күзөтчүлөрдү токтоткон. Ошондон кийин биздин кызматкерлер ага барышкан. Көлбаев кабинетинен чыгып, ошол жердеги арткы эшик аркылуу качууга аракет кылган. Биздин кызматкерлер кирип келишкенде аларга ок чыгарган. Натыйжада аны токтотуу үчүн “Альфа” тобу кызматтык курал колдонулуп, ал жарадар болуп, каза болгон»,- деп айтып берди Ташиев.
Анын айтымында күч органдарынын кызматкерлери кайсы учурда курал колдоно алары тууралуу так жазылган мыйзам бар, эгерде кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келсе, анда алар курал колдонууга милдеттүү. Ташиев күч органдарынын кызматкерлери куралды туура колдонушканын билдирип:» Ушул тууралуу айткам, кээ бир журналисттер Көлбаевди жоюуга мен буйрук бергендей менин сөзүмдү тескери бурушту. Бирок бул андай эмес»,- деген.
Эске салсак, 16-январда Камчыбек Ташиев мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевди жок кылуу чечимин эмне себептен кабыл алганын билим берүү тармагындагы коррупция көйгөйүн талкуулоо боюнча Билим берүү жана илим министринин орун басарлары, ЖОЖдордун ректорлору, кесиптик лицей жана колледждердин директорлору менен жолугушууда айткан. Анда ал Камчы Көлбаевди жана уюшкан кылмыш дүйнөсүн жок кылуу чечимин мамлекеттин жыргалчылыгы үчүн кабыл алганын билдирген.
Сүрөт: интернет булактары