Садыр Жапаров: Балдарымды саясатка да, мамлекеттик иштерге да аралаштырбайм

  • 1 месяц мурун

«Алтын балалык» борборунда президенттин кызы балдарга белек таратып жаткан видеосуна байланыштуу Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине түшүндүрмө берди.

-Эч кандай пиар дагы эмес, саясатка аралаштыруу дагы эмес. Буга чейин айтканымдай эле балдарымды да, жакындарымды да саясатка жана мамлекеттик иштерге аралаштырбайм, -деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле кызынын эмне спбептен белек тапшырып калгандыгын айтты:

-Жыл сайын бул борборго өлкөбүздүн булуң-бурчунан балдар келип эс алып, бири-бири менен достошуп, эс алып кетишет. Анан жыл сайын эле Айгүл “балдардын көңүлү көтөрүлүп калсын” деп белек-бечкектерди тапшырып келет. Бул жолу да бармак. Бирок, бизди кудалар чакырып калып, Айгүл экөөбүз ал жакка кеткенбиз.

Анан “Атайын жекшембиге пландалган иш-чара, балдар күтүп калышты. Томсоруп калышпасын, сен барып тапшырып коё берчи” деп кызыбызды жөнөтүп коюптур. Жанайым балдар үчүн белекке делген шорта, футболкаларды таратышып коюп эле кете берген. Жалпыга маалымдоо каражаттары болгон эмес. Маалыматты эч жакка чыгарбай эле белектерди таратып коёлу дешкен. Ал жакка келгендердин арасынан бирөө телефонго тартып, анан соцтармакка чыгарып жибериптир. Муну саясат кылыштын деле кереги жок,-деди Садыр Жапаров.

Социалдык тармактарда президент Жапаровдун кызы Чолпон-Атадагы «Алтын балалык» борборунда белек таратып жаткан видеосу тараган.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты