Президент: Айрым учурда чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму боюнча нааразылык жаралды

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандагы чет өлкөлүк жарандар боюнча тынчсыздануу тууралуу сынды туура кабыл алышаарын билдирди.    

-Албетте, коом тарабынан айтылган сын-пикирлер дагы жөн жерден чыккан жок. Айрым учурларда чет өлкөлүк жарандардын жүрүм-туруму боюнча элдин нааразычылыгы жаралды. Биз ал сындарды угуп жатабыз, окуп жатабыз жана аны туура кабыл алабыз. Чынында эле жергиликтүү бийлик органдары мындай масштабдагы эмгек миграциясына толук даяр эмес болуп чыкты. Ошондуктан бүгүн алардын жоопкерчилиги күчөтүлүп, укук коргоо органдары менен биргеликте алдын алуу, түшүндүрүү жана көзөмөл иштерине өзгөчө көңүл бурулууда,-деди Жапаров.

-Биздин принцип абдан жөнөкөй. Кыргызстанга ким болбосун иштегени келсе мыйзамды сактап, биздин коомдук тартипти, каада-салтты жана жаратылышты урматтап иштеши керек. Мыйзамды сыйлаган адам тынч иштейт. Ал эми мыйзам бузган адамга улутуна карабай мыйзам бирдей колдонулат.

Ушул жерде дагы бир маанилүү жагдайды так ажыратып алышыбыз керек. Акыркы учурда айрымдар чет өлкөлүк жумушчулар менен туристтерди аралаштырып, коомчулукту адаштырып жатышат.

Мисалы, акыркы бир жарым жыл ичинде Кыргызстанга 370 миңден ашуун кытай жараны туристтик виза менен келип кеткен. Эгер алардын ар бири орточо эсеп менен 500 АКШ долларын коротту деп эсептесек, анда биздин мейманканаларга, кафе-ресторандарга, дүкөндөргө, транспорт жана тейлөө тармагына 180 миллион доллардан ашуун каражат түшкөн болот,-деди президент.

Чет өлкөлүк жумушчулар Кыргызстанга туруктуу жашап калуу үчүн эмес, конкреттүү долбоорду ишке ашыруу үчүн келишет. Долбоор аяктагандан кийин алар өлкөдөн чыгып кетишет. Мисалы, Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушуна 500 кытайлык адис тартылган. Курулуш аяктагандан кийин алар өлкөсүнө кайтып кетти. Бүгүн ошол жерде биздин адистерди окутуп жаткан беш инженер гана калды. Ушундай эле көрүнүш “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорунда болгон. Долбоор бүткөндөн кийин чет өлкөлүк адистер чыгып кетип, бүгүн объектте 100 пайыз Кыргызстандын жарандары гана иштеп жатышат.

Мындай тартип темир жолдо дагы, жол курууда дагы, завод-фабрикаларда дагы сакталат. Ар бир чет өлкөлүк жумушчу белгилүү бир долбоордун алкагында гана иштейт. Бир долбоор бүтсө, экинчисине өз алдынча өтүп кетүүгө же өлкөдө мыйзамсыз калып иштөөгө жол берилбейт.

Мындан тышкары, ар бир чет өлкөлүк жаран тиешелүү мамлекеттик органдардын каттоосунда турат. Алардын иш визасы, эмгек уруксаты жана жүрүү мөөнөтү көзөмөлдөнөт. Иш берүүчү дагы толук жоопкерчилик тартат. Эгер мыйзамсыз жумушка алуу же мыйзам бузуу аныкталса, жоопкерчилик ошол иш берүүчүгө дагы жүктөлөт. Иштеп жүргөн, иш берген тарап дагы жоопкерчиликти сезе турган чаралар колдонула баштады, -деди «Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров.

Кийинки кездерде өлкөдөгү чет элдик айрым жарандардын терс жүрүм-туруму боюнча коомчулуктун нааразычылыгы жаралды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты