Камчыбек Ташиевдин иши Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилгени айтылды

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 12-майда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароого жиберилди. Бул тууралуу адвокат Икрамидин Айткулов Фейсбук баракчасында билдирди.

“Бүгүн Башкы прокуратура тарабынан Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге бийликти күч менен басып алууга даярдануу жана жооптуу кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актысы бекитилди. Кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна кароо үчүн жиберилди. Аны менен бирге ал иште дагы жети айыпталуучу өтүүдө. Кылмыш ишинин купуя, жашыруун белгиси бар, Бул сот иштери жабык өтөт, эч ким тергөөдөгү жана соттогу маалыматтарды жарыя кыла албайт дегенди билдирет” деп жазды Икрамидин Айткулов.  

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана мурдагы депутат Курманкул Зулушев Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгына сурак берип чыкканы ЖМКда кабарланды.Бирок расмий маалымат берилген эмес.

Маалыматка караганда, сурак бир нече саатка созулган. Сурактан кийин аталган адамдар имараттын чыгып кетишкени маалымдалды. Сурак кайсы ишке байланыштуу экени айтылган жок. Болжолдуу маалымат боюнча, алар “75 адамдын иши” боюнча суралган.

Айрым маалыматтарда сурак учурунда Камчыбек Ташиевге, Курманкул Зулушевге жана Нурланбек Тургунбек уулуна кылмыш боюнча күнөө коюлуп, айыбы угузулганы айтылат.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев 29-апрелде кайрылуу жасап, күнөөсү жок экенин жана акталып чыгарын билдирди.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 6-апрелдеги чечими боюнча, 75 кишинин иши боюнча кармалган Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов 10-июнга чейин камакта калтырылды.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулган.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты