Орунбеков Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, кылмыштуу иштердин бети ачылышы мүмкүн экенин билдирди
- 4 недели мурун
- Баяндар
Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, кылмыштуу иштердин бети ачылышы мүмкүн экенин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Ал Курманбек Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиевге тиешелүү “ЭлКат” компаниясы мамлекетке кайтарылганын жана ушул сыяктуу бир катар объекттер мамлекетке кайтарылышы мүмкүн экенин айтты.
“2025-жылдын 20-март күнү Максим Бакиев жана анын досторуна тиешелүү болгон “ЭлКат” жоопкерчилиги чектелген коому (6 миллиард сомдук) 100% мамлекетке кайтарылып, кайрадан Президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөрүлдү. Бул компания 2007-жылы мурдагы президенттин иш башкармалыгынын кызматкерлери Кенжебаев Зикирали, Шмелев Сергей, Левинец Константин жана Дудин Михаил тарабынан Максим Бакиев менен сүйлөшүлүп, мыйзамсыз сот чечимдери аркылуу президенттин иш башкармалыгы “ЭлКаттын” негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыгарылылып, жогорудагы Максим Бакиевдин адамдарынын колуна өтүп кеткен” деп жазды Орунбеков.
Эгерде Алексей Ширшов маалымат бербегенде “ЭлКат” дагы эле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калмак экенин айтты.
“Ошондон тартып, 65-70 миллион долларлык (6 миллиард сом) активи бар “ЭлКат” компаниясы мамлекеттин эмес, Максим Бакиевдин көзөмөлүндө иштеп келген. 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин деле Убактылуу өкмөт “ЭлКатты” кайра мамлекетке кайтарууга аракет кылышкан эмес. “ЭлКатка” байланышкан факты Алексей Ширшовдун көрсөтмөлөрүнөн кийин гана ачыкка чыкты. Эгерде ал маалымат бербегенде, “ЭлКат” дагы деле Максим Бакиевдин көзөмөлүндө калмак” деди.
Ошондой эле Максим Бакиевдин Франциядагы дагы бир мүлкүн мамлекеттин менчигине алуу аракети болуп жатканын кошумчалады:
“Алексей Ширшовдун дагы бир маалыматына ылайык, Максим Бакиевге тиешелүү өтө кымбат баалуу мүлк – Франциянын түштүк-чыгышында жайгашкан “Шато де ла Групп” (“Château De La Garoupe”) вилласы аныкталды. Бул мүлктү Максим Бакиев убагында өнөктөшү Борис Абрамович Березовскийге убактылуу каттап турган. Березовский каза болуп калгандан кийин, Максим Бакиев аны өзүнө каттай албай, мүлк бүгүнкү күнгө чейин ээсиз турган. Учурда Кыргыз Өкмөтү бул мүлктү мамлекеттин карамагына өткөрүү боюнча эки жыл мурда иштерди баштаган. Бул ишти Юстиция министри Аяз Баетов жетектөөдө” деп билдирди Дайырбек Орунбеков.
“2010-жылдан кийин дайынсыз жоголгон, мыйзамсыз басып алынган же таланып кеткен мүлктөр дагы деле болушу мүмкүн. “ЭлКат” жана Франциядагы кымбат баалуу мүлк боюнча маалыматтар бир гана Ширшовдун көрсөтмөсү менен ачылды. Демек, дагы башка жашыруун активдер жана мыйзамсыз чыгарылган байлыктар аныкталышы мүмкүн. Эгерде Курманбек Бакиев Кыргызстанга кайтарылса, дал ушундай башка кылмыштуу иштердин да бети ачылышы мүмкүн. Банк ячейкаларында дайынсыз жоголгон акчалар, ошондой эле Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү жашыруун өздөрүнө каттатып алган мүлктөр аныкталышы ыктымал” деп айтты президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков.
“Бирок Бакиевди алып келип, бул фактыларды ачыкка чыгаруу демилгесине каршы чыккандар бар. Балким, алар өздөрүнүн жеке кызыкчылыгынан жана мурдагы иштеринин ашкереленишинен коркуп жатышкандыр? Белгилүү болгондой, буга чейин Аскар Акаев Кыргызстанга кайтарылып, андан Кумтөрдү мамлекетке өткөрүү боюнча баалуу маалыматтар алынган. Бул да болсо мамлекет үчүн чоң жетишкендик болгон” деп жыйынтыктады ал сөзүн.
“Элкат” компаниясынын башкы директору Уланбек Толубаев жана эки учредители – С.Ш. жана З.К. кармалганын бир катар ЖМК жазган. Андагы маалымат боюнча, 10-февралда компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана компьютерлер алынган.
Бишкектин Биринчи май райондук соту К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук сот билдирди.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Нурадил Баясовду “Элкаттын” убактылуу жетекчиси кылып дайындаган.
УКМК кылмыш иштин алкагында президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкерлерине жана «Айкөл-5» ЖЧКсынын уюштуруучуларына К.З.М. жана Ш.С.И. жана башка адамдарга коррупция боюнча тиешелүү айып тагылып, алар соттун чечими менен камакка алынганын билдирген.
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген.
«Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон? Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы» деди Садыр Жапаров.
Максим Бакиев — бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: Бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев. Интернет булактарынан