Садыр Жапаров: «Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Камабасаңар өткөрүп берели деп жатышат»
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиевди Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.
“Ал эми Курманбек Бакиев боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. «Эгер камабасаңар өткөрүп берели» деп жатышат” деди президент.
“Сапар Исаков боюнча дагы ушундай эле маселе. «Камабасаңар бүгүн өткөрүп берүүгө даярбыз» дешти. Биз ойлонуп жатабыз. Бир чети макул деп алып келип, ТЭЦ боюнча, музей боюнча сурабайлыбы? Кимдер канча акча алганын айтып берсе болду. Акчаларды бюджетке кайтарып алыш күч органдарынын иши. Уурдалган миллиарддаган акчаларды ушундай жолдор менен эле кайтардык го» деди президент.
«Ал эми Курманбек Бакиев боюнча деле ушундай маселе. Ячейкаларда канча акча болгон. Максимдин офисинен уурдалып кеткен алтын концентраты жөнүндө сөз болуп жатат. Канча тонна болгон? Апрель, июнь окуялары жана башка иштер боюнча ал кишиден да экинчи тарап катары угуп, иштерди жыйынтыктап койбойлубу. «Кантип эле ушул турган Москва менен Минскден алып келе албай жатасыңар» деп 15 жылдан бери жалпы эл талап кылып келе жатпайбы».
Ушул эле маегинде президент Садыр Жапаров Максим Бакиев Кыргызстанга келди деп тараган маалыматтарга комментарий берди.
«Жалган маалымат тараткандар ушул сүйлөшүүлөрдүн чет бучкагын укса керек. Ошол үчүн Максим Бакиев деп болжолдоп урдуруп жатышса керек.
Кана эле Максим Бакиев келип калган болсо. Камап коюп миллиардаган акчаларды бюджетке кайтарат элек,-деди” президент Садыр Жапаров.
Максим Бакиев бозгундагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиев. Интернет булактарынан