“Элкат” компаниясынын жетекчиси жана эки учредители 3-апрелге чейин камакка алынды
- 1 месяц мурун
Бишкектин Биринчи май райондук соту К.З.М., Ш.С.И. жана Т.У.А. аттуу жарандарды 3-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондук сот билдирди.
Кармалгандар кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүгүндө («Коррупция») каралган кылмышка айыпталууда.
Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев Нурадил Баясовду “Элкаттын” убактылуу жетекчиси кылып дайындаган.
“Элкат” компаниясынын башкы директору Уланбек Толубаев жана эки учредители – С.Ш. жана З.К. кармалганын бир катар ЖМК жазган. Андагы маалымат боюнча, 10-февралда компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана компьютерлер алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу жайына камакка алынганы айтылды.
«Элкат» бул эл аралык ири байланыш оператору болуп саналат. Маалыматтарга караганда «Элкаттын» жетекчилери менен инвесторлордун ортосунда көптөн бери териштирүүлөр жүрүп келген. Жетекчилерди кармоонун чоо-жайы расмий айтыла элек.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан