«Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз». Садыр Жапаров Ширшов тууралуу

Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун Москвадагы жолугушууга катышуусу боюнча “Кабар” агенттигине айтып берди.

Президент мындай деди:

-Жогорку Нарын ГЭСтери боюнча биз “жебеген самсага” 37 миллион доллар, пайызы менен бүгүнкү күндө 51 миллион доллардан ашык акча каражат “Русгидрого” карыз болуп калдык. Бул карыздын пайызы күндөн-күнгө тууп жатат. Эл аралык сот “ушундай пайыз тууйт” деп чечим чыгарып берген экен. “Ошол карыздан кутулуу жолдорун сүйлөшүп келгиле” деп, Данияр Амангелдиев баштаган делегацияны Москвага жибергем.

Ал ошол жактан Данияр Амангелдиевге телефон чалып, «Русгидро» боюнча Кыргызстанга пайдалуу маалыматтарым менен бөлүшөм деп сүйлөшүүлөргө кошулуп калыптыр. Себеби, илгери ошолор менен иштешип жүргөн да. Көп маалыматтары бар экен. Анын маалыматтары канчалык деңгээлде пайдасы тиет, убакыт көрсөтөт. Эң негизгиси, Ширшовго илгеркидей бир министрликти минип алып башкарганга жол бербейбиз. Мамлекетке пайдасы болсо колдонобуз, жок болсо “тынч жүр” дейбиз.

Кыскасы, мамлекеттик казынага кол салууга жол бербейбиз. Ошондуктан, Ширшов менен “манипуляция” кыла бергендерге көңүл бурбаш керек,-деди Жапаров.

Энергетика министрлиги эмдиги жылдан баштап киреше бере баштай турганын белгиледи:

-Энергетика министрлиги илгертен бери чогулган 137 миллиард сом карызын быйыл толук жаап бүтүп, эмдиги жылдан баштап кирешеге чыга баштайт. Бул системада таптакыр уурулук токтогон. Ошол үчүн 30 жылдан бери чогулган карызын 5 жылда жаап бүтүп жатат. Эгер уурулук уланып жаткан болсо кайдан жабат эле. Карызы күндөн-күнгө өсө бермек. Эгер кокус эле уурулук фактылар менен кармалып калган кызматкерлер болсо эч кимге аёо жок. Бул жалгыз эле Энергетика министрлигине эмес, бардык министрликтерге, мамлекеттик мекемелерге жана мамлекеттик кызматкерлерге да тиешелүү.

Президент ошондой эле Алексей Ширшов кайра кантип кызматташып калганын эске салды:    

-Жаңылбасам, 2021-жылдын аягы болсо керек эле. Ортомчулар аркылуу Ширшов: “Мени камабаса Кыргызстанга барат элем, Максимдин чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы активдерин билем, ошолорду ачыктап, мамлекетке кайтарууга жардам берет элем” деп кайрылды. Себеби, Максим качкандан кийин тегерегиндеги балдардын баарын таштап кеткен. Баары талаада калган. Ошолордун бирөө ушул Алексей Ширшов болчу.

Күч органдарынан сурасам Ширшов издөөдө эмес экен. “Кудай жалгасын, келе берсин, билгендерин айтып берсин” деп уруксат бергенбиз. Келди, кабыл алдык. “Азыр сага баягы бийлик жок. Мамлекеттик мекемелерден уурдай албайсың. Кылт этсең камаласың. Максим менен бирге жакшы эле байыгансыңар. Эми ошол байлыктарды мамлекетке кайтарганга жардам бер. Сенде болгон маалыматтарың менен бөлүш” деп бир шарт койдук. УКМК, ИИМ менен кызматташып иштей баштады.

“Аврора Плюста” кайсы коттедждерди кимдер рейдерлик кылып, жакын туугандарына же досторуна каттатып алгандар боюнча маалыматы менен бөлүштү. Натыйжада “Аврора Плюстан” бир канча коттедж, бир канча батир мамлекетке кайтарылды. Франциянын түштүк-чыгыш жагында Максим Бакиевге тиешелүү Березовскийден сатып алган “Замок-Шато” деген вилласы бар экен. Ошол маалыматты берди. Ал иш боюнча 2023-жылдан бери биздин Юстиция министрлиги соттошуу боюнча иш алып барып жатат. Бирок дароо эскертип коёюн, сот иштери эртең эле бүтүп калбайт, жылдап созулат. Мындан сырткары, бул имарат келечекте Кыргызстандын пайдасына чечилеби-жокпу, ал да күмөн. Баарын Кудай билет, бара-бара көрөбүз.

Анын дагы бир пайдалуу маалыматы “Элкат” компаниясы Максим Бакиевге тиешелүү болгонун көрсөткөнү болду. Ал толугу менен мамлекетке өттү. Эми мындан ары 100 пайыз мамлекеттики. Баасы болжол менен 6 млрд сом деп эсептеп жатышат,-деп айтты президент.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган кыргыз делегациясынын Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана “Русгидро” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн. Жолугушуудагы кыргыз делегациясынын катарында Алексей Ширшов да болгондугу тартылган сүрөт кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда талкууга алынган.

Кийин ал сүрөттү Россиянын энергетика министрлиги өчүрүп салганы маалым болгон.     

Данияр Амангелдиев 24 kg агенттигине берген комментарийинде Алексей Ширшовдун кыргыз делегациясынын катарында отурганынын чоо-жайын мындайча түшүндүргөн:  

“Күн тартибинде эки тараптуу мамиленин абдан маанилүү жана созулуп, чечилбей жаткан Жогорку Нарын каскадын куруу долбоору тууралуу маселени жөнгө салуу турат. Ал маселе 2016-жылдан бери чечилбей жатат. Россия тарап короткон каражаттарын кайтарып алуу ниетинде турууда. Ал эми Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу чечимге келүү маселеси турат” деди Амангелдиев.

Алексей Ширшовду бул ишке аралаштыруунун себеби ал бул долбоорду 2008-жылдан бери, баштапкы келишимдин ийне-жибине чейин билгендиктен, “Русгидро” менен сүйлөшүүдө кыргыз тарап жагында болгонун билдирди.

Ширшов мурда да, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчысы кезинде деле иштешкенин, “Элкат” боюнча 6 миллиард сомду мамлекетке кайтарууга, Бакиевдердин Испаниядагы активдерин кайтарууга жардам бергенин кошумчалады.      

Кыргызстан “Русгидрого” соттун чечими менен 37 миллион доллар төлөп бериши керек экенин, ал айып пулдары менен 50 миллион доллардан ашканын билдирди.

Алексей Ширшов  2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин “Дастан” ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Маалым болгондой, Ширшов мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. 

Өлкөдө 2010-жылга чейин таасири күчтүү болуп турган Ширшов  Кыргызстандагы энергетика тармагын толук көзөмөлгө алып, коррупциялык схемаларды түзгөнү маалым болгон. “Ширшов схемасы” деген атка конгон схемада электр энергиясын “өлүү адамдарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” уттуруу сыяктуу кадамдар жасалып келгени айтылат. 

“Бакиевдик режимдин” таасирдүү мүчөсү болгон Алексей Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага эл аралык издөө жарыяланып, экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген. 

Ал эми  2022-жылы 10-майда  “Дастан” трансулуттук корпорациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. Кыргызстандагы энергетикалык тармактын “көмүскө кардиналы” атыккан Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. 

Сүрөттө: Москвадагы жолугушуудагы кыргыз делегациясы. Сол жакта- Алексей Ширшов.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты