«Элкат» компаниясынын башкы директору жана уюштуруучулары кармалганы маалымдалды
- 1 месяц мурун
Бир катар ЖМК күч структураларындагы өздүк булактарына таянып, “Элкат” компаниясынын башкы директору Уланбек Толубаев жана эки учредители – С.Ш. жана З.К. кармалганын жазышты.
Андагы маалымат боюнча, 10-февралда компаниянын кеңсесинде тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана компьютерлер алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу жайына камакка алынганы айтылды.
«Элкат» бул эл аралык ири байланыш оператору болуп саналат. Маалыматтарга караганда «Элкаттын» жетекчилери менен инвесторлордун ортосунда көптөн бери териштирүүлөр жүрүп келген. Учурда жетекчилерди кармоонун чоо-жайы расмий айтыла элек.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү