«Кыргызстанда мындай жок». Бакиевдер тигүү фабрикасын куруп берди
- 1 месяц мурун
- Видео
Президент Садыр Жапаров “Манас” аэропортуна бараткан жолдо салынган тигүү фабрикасына барды.
Жолугушуудан видеону «Айкөл таза коом» бирикмеси социалдык баракчасында жарыялады. Президенттин айтымында, тигүү фабрикасына жалпы 2 гектер жер бөлүндү. Фабрика акционердик коом деп катталып, ага 317 киши ээлик кылат.
«Мындай тигүү цехи Кыргызстанда жок. Машиналар дагы акыркы моделде, жатакана, бала бакчасы менен. Жайгашкан жери дагы жакшы. Эми муну ынтымакта иштетип кеткиле. Сөзүнө туруп, бүтүрүп берген турбайбы. Мен башында салбайт го деп ойлогом», — деди Жапаров.
Бул фабриканы курууга мурдагы президент Курманбек Бакиев 1 млрд сом бере турганы айтылып келген.
Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет. 2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.




