Жогорку Нарын каскады боюнча Москвадагы сүйлөшүүлөр: Ширшовдун ролу тууралуу

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев баштаган кыргыз делегациясынын Россиянын энергетика министри Сергей Цивилев жана “Русгидро” компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өткөн. Жолугушуудагы кыргыз делегациясынын катарында Алексей Ширшов да болгондугу тартылган сүрөт кыргыз коомчулугунда социалдык тармактарда талкууга алынган.

Кийин ал сүрөттү Россиянын энергетика министрлиги өчүрүп салганы маалым болгон.     

Данияр Амангелдиев 24 kg агенттигине берген комментарийинде Алексей Ширшовдун кыргыз делегациясынын катарында отурганынын чоо-жайын мындайча түшүндүргөн:  

“Күн тартибинде эки тараптуу мамиленин абдан маанилүү жана созулуп, чечилбей жаткан Жогорку Нарын каскадын куруу долбоору тууралуу маселени жөнгө салуу турат. Ал маселе 2016-жылдан бери чечилбей жатат. Россия тарап короткон каражаттарын кайтарып алуу ниетинде турууда. Ал эми Кыргызстан үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу чечимге келүү маселеси турат” деди Амангелдиев.

Алексей Ширшовду бул ишке аралаштыруунун себеби ал бул долбоорду 2008-жылдан бери, баштапкы келишимдин ийне-жибине чейин билгендиктен, “Русгидро” менен сүйлөшүүдө кыргыз тарап жагында болгонун билдирди.

Ширшов мурда да, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин башчысы кезинде деле иштешкенин, “Элкат” боюнча 6 миллиард сомду мамлекетке кайтарууга, Бакиевдердин Испаниядагы активдерин кайтарууга жардам бергенин кошумчалады.      

Кыргызстан “Русгидрого” соттун чечими менен 37 миллион доллар төлөп бериши керек экенин, ал айып пулдары менен 50 миллион доллардан ашканын билдирди.

Данияр Амангелдиев “Азаттыкка” да ошол тууралуу айтты:

“Жогорку Нарын ГЭС каскады” боюнча келишимди Кыргызстан бир тараптуу бузган. Орусия тарап эл аралык сотко берип Кыргызстанды утуп алган. Ошол боюнча карызыбыз бар. Башында 37 млн доллар болчу. Туумдары менен 54 млн долларга жетип калды. Карыз үчүн долбоорду башка инвесторлорго берүүгө мүмкүн болбой жатат. Алексей Ширшов долбоорду майда-чүйдөсүнө чейин билет. “ЭлКатты” мамлекетке кайтарганга жардам берди. Андан тышкары Максим Бакиевдин Испаниядагы мүлктөрүн мамлекетке алуу ишине көмөк көрсөтүп жатат. Алексей Ширшов Министрлер кабинетинин буга чейинки төрагасы Акылбек Үсөнбекович менен деле иштешкен, — деди Амангелдиев.

Алексей Ширшов ким? Алексей Ширшов  2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин “Дастан” ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Маалым болгондой, Ширшов мурдагы президенттердин уулдары Айдар Акаев, кийинчерээк Максим Бакиевге өлкөнүн энергетикасы боюнча кеңештерди берип жүргөн. 

Өлкөдө 2010-жылга чейин таасири күчтүү болуп турган Ширшов  Кыргызстандагы энергетика тармагын толук көзөмөлгө алып, коррупциялык схемаларды түзгөнү маалым болгон. “Ширшов схемасы” деген атка конгон схемада электр энергиясын “өлүү адамдарга” жаздыруу жана тендерлерди “өз кишилерине” уттуруу сыяктуу кадамдар жасалып келгени айтылат. 

“Бакиевдик режимдин” таасирдүү мүчөсү болгон Алексей Ширшов 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Андан кийин ага эл аралык издөө жарыяланып, экономикалык кылмыштар боюнча айып тагылган. 2019-жылы Бишкек ЖЭБин модерницазиялоодогу коррупциялык иш боюнча УКМКнын тапшырмасы менен Латвияда сурак берген. 

Ал эми  2022-жылы 10-майда  “Дастан” трансулуттук корпорациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. Кыргызстандагы энергетикалык тармактын “көмүскө кардиналы” атыккан Ширшов «Аврора Плюс» эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталган. 

Сүрөттө: Москвадагы жолугушуудагы кыргыз делегациясы. Сол жакта- Алексей Ширшов.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты