Орозайым Нарматова: Сындырып, уят кылабыз деген сыяктанат. Башка себеп жок

  • 3 года мурун

«Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетине аны мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен жооптуу кызматкерлерге УКМК тарабынан кылмыш ишин козгоо фактысы боюнча Фейсбук баракчасында билдирүү жасады.

Анда мындай деп айтылат:  

-Буюрса тергөө адилеттүү жүрүп, чындык чыгат деген үмүттөмүн, бирок ишене албайм. Бийлик колдо турганда эмнелерди гана жасап салуу мүмкүн экендигин жалпыңыздар жакшы билесиздер.

Эң негизгиси — Кудай алдында, эл алдында жана өзүмдүн абийирим алдында жүзүм жарык. Кудайга шүгүр, мыкты баа алып, жакшы окуп, ата-энемди кубанткан кыздардын биримин. Эки жолу шайлоого катышып, дипломумду, резюмени — баарын тапшырып, БШКдан «лупа» менен текшерилип, «баары таза, баары жакшы» деген чечим менен шайлоодон өттүк, -деп жазды депутат Нарматова.

Ошондой эле былтыр да шайлоодо «Нарматова БШКга фальсификация кылып, документ тапшырды» деген доомат менен «Бүтүн Кыргызстанды» шайлоодон алып салуу аракеттери болгонун, аны жарандыгы жана аялдык ар-намысына шек келтирген каралоо болгонун да эскерте кетти.

-Ошондо да койгон дооматтары орунсуз экени далилденип, уят болушкан. Эми каралоого доо таппай, эптеп өч алуу максатында өздөрүнүн маалымат каражаттары аркылуу «сындырып, уят кылабыз» дегендей сыяктанат. Андан башка себеп жок,-деп жазды Орозайым Нарматова.

Орозайым Нарматова 14-январда УКМКга суракка чакырылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) депутат Орозайым Нарматованын сурак берүүгө чакырылышынын себеби боюнча билдирүү тараткан.

Анда УКМК органдарына Жогорку Кеңешке шайлоо учурунда Орозайым Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат түшкөндүгү жана ал боюнча жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

2020-жылы 10-сентябрда ал кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектелип, ИИМ тарабынан кармалып жана коомчулуктун реакциясынан кийин кайра кое берилген.

Ал кездеги активист Орозайым Нарматова Садыр Жапаровдун тарапташы болуп, кийин Президент Садыр Жапаровду сындап келгени коомчулукка маалым.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты