Орозайым Нарматова сурак берүү үчүн УКМКга келди

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) имаратына сурак берүү үчүн келди.

Нарматованын айтымында, ал суракка өткөн жылдын 30-декабрында эле чакырылган. Бирок кайсы маселе боюнча чакырылганы белгисиз.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-январда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурага сурак берип чыкты.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органга 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы кезинде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары көрсөтмө бергенин билдирди.

Ошондой эле ал «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаты Орозайым Нарматованын атайын кызматка суракка чакырылганы тууралуу комментарий берип жатып, соңку окуяларды «Бүтүн Кыргызстан» партиясына карата кысым катары сыпаттады.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты