УКМК: Депутат Нарматованы ЖАМУга кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголду  

  • 2 года мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) депутат Орозайым Нарматованын сурак берүүгө чакырылышынын себеби боюнча билдирүү тараттты.

Билдирүүдө Улуттук коопсуздук органдарына өлкөнүн Жогорку Кеңешине шайлоо учурунда Орозайым Нарматованы 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алуу фактысы боюнча маалымат келип түшкөндүгү жана ал боюнча жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголгону маалымдалды.

Орозайым Нарматова жогоруда аталган кылмыш иши боюнча тиешелүү көрсөтмөлөрдү берүү үчүн күбө катары суракка чакырылгандыгы, ЖАМУга окууга кабыл алуу жана жогорку билими тууралуу диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилээри айтылды.

«Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө  Орозайым Нарматованын ЖАМУдагы өздүк делосунда орто кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документтери жок экендиги аныкталган. Бул анын окууга кабыл алынуусунун жана жогорку билими тууралуу диплом алуусу мыйзамсыз экендигин күбөлөндүрөт. Мындан тышкары, тергөө учурунда ЖАМУда тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Орозайым Нарматова өлкөдө эмес, Россияда болгону аныкталды» деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматова Жалал-Абад мамлекеттик университетинде окуганын жана дипломду мыйзамдуу алгандыгын билдирип, группалаштары менен түшкөн сүрөттөрүн социалдык тармактарда жарыя кылды.

Орозайым Нарматова бүгүн, 14-январда УКМКга суракка чакырылган.

Нарматова «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

2020-жылы 10-сентябрда ал кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча шектелип, ИИМ тарабынан кармалып жана коомчулуктун реакциясынан кийин кайра кое берилген.

Ал кездеги активист Орозайым Нарматова Садыр Жапаровдун тарапташы болуп, кийин Президент Садыр Жапаровду сындап келгени коомчулукка маалым.

УКМК: Депутат Нарматованы ЖАМУга кабыл алуу боюнча кылмыш иши козголду  
Орозайым Нарматова группалаштары менен. Анын социалдык тармактардагы баракчасынан.

Башкы сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты