ИИМ: Орозайым Нарматова кастыкты козутуу беренеси боюнча кармалды

  • 3 года мурун

Ички иштер министрлиги активист Орозайым Нарматованын кармалуусу боюнча билдирүү таратты. Анда Нарматованын Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесинин 1-бөлүмү (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча айыпталып жатканы айтылат.

“Интернет мейкиндигинде өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган мыйзамсыз иштерди аныктоо жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгында “Мен макулмун” жана “Менин укугум бар” коомдук кыймылдарынын лидери, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Орозайым Нарматова бир канча жылдан бери Россия Федерациясынын аймагында жогоруда аталган кыймылдын мүчөлөрү менен биргеликте жыйындарды жана конференцияларды уюштуруп келгени белгилүү болду. Аталган иш-чараларда О. Нарматова эмгек мигранттарынын жана Кыргызстандын аймагында жашаган жарандардын нааразылык потенциалын жогорулатуу үчүн мамлекеттин жетекчилигине негизсиз сындарды дайыма билдирип келет. Нарматованын билдирүүлөрүндө бийликтин ишмердүүлүгүнө карата терс пикир жана каралоо камтылган. Бул регионалдык кастыкты козутуу жана бийликти күч менен басып алууга шарт түзүү үчүн коомдо терс пикирди жаратуу максатында жасалып жаткандыгынын белгиси”, — деп айтылган билдирүүдө.

Эске сала кетсек, Орозайым Нарматова бүгүн, 10-сентябрда таңга маал Ош аэропортунан укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты