Октябрь райондук соту «Клооп Медианы» жоюу боюнча прокуратуранын доо арызын карап жатат (Видео)

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту «Клооп Медиа» фондун жоюу боюнча доо арызды карап жатат.

Бул сот жараянынан «ПолитКлиника» медиасы Фейсбук баракчасы аркылуу түз эфир алып барууда.

Бүгүнкү отурумда мамлекеттик эксперттер көрсөтмө берип жатат. Ал эми буга чейинки эксперттер башка болгон.

Республикалык наркология борборунун эксперти Жанна Караева өз көрсөтмөсүндө «Клооп» «жарандык жоопкерчилигин» көрсөтпөй жатат, ошондуктан психикасы бузулган адамдардын саны өскөндүгүн айтты. Бирок өз экспертизасында кандай методологияны колдонгондугун айткан жок.

Ошондой эле эксперт Караеванын пикири боюнча, ЖМКнын репортаждарынан кийин Баткенден кетип жаткандар көбөйүүдө.

Андан кийин эксперт Чолпон Абдуллаева чыгып, ЖМКдагы материалдардан улам элдин психикалык дарты күчөп жатканын кошумчалады. Бирок бул эксперт дагы «Клооп Медиа» боюнча конкреттүү мисал келтирген жок.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон.

Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Клооп” басылмасынын кыргыз тилиндеги  ky.kloop.asia домениндеги сайтын фейктер тууралуу мыйзамдын негизинде бөгөттөгөн.

12-сентябрда “Клооп” басылмасы сайтындагы макала өчүрүлбөй турганын жарыялады. «Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган.

5-февралда Бишкектин Октябрь райондук сотунда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу боюнча прокуратуранын доо арызы боюнча кезектеги соттук отурум өттү.

Сүрөт: «ПолитКлиника» медиасы.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты