«Мыйзам чегинен чыкпай иштеп жатканбыз» – «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин
- 6 месяцев мурун
30-майда «Клооп» медиасынын журналисттери жана мурдагы кызматкерлери кармалып, адвокатсыз суракка алынгандан кийин, УКМК мекемени «мыйзамсыз иш алып барган» деп айыптаган билдирүү таратты. Алардын айтымында, фонд сот чечими менен жоюлгандан кийин да маалымат таратып жатканы мыйзамсыз болгон.
Бул айыптоолорго жооп кылган «Клооптун» негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин мекеме мыйзам чегинде иш алып барганын белгиледи.
«Биз мыйзам чегинен чыкпай иштеп жатканбыз. УКМК кызматкерлери салык боюнча көптөгөн отчетторду кылдат иликтеп чыкса, биз юридикалык жактын мыйзамдуу иш алып барганына көздөрү жетет», — деди Тухватшин.
Тухватшин ошондой эле «Коомар Медиа» каражатты Польшада катталган өнөктөш уюм аркылуу алып, ал негизинен NED жана EED өңдүү эл аралык уюмдар тарабынан ачык түрдө каржыланарын кошумчалады.




