Венесуэла: Зилзаладан каза тапкандардын саны 1400дөн ашты
- 1 месяц мурун
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 1450 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригестин маалыматы боюнча ЖМКда жарыяланды.
3360 киши жаракат алды, кеминде 172 киши урандылардын алдында жатат.
БУУнун билдирүүсү боюнча, 50 миңдей адам дайынсыз болууда.
Хорхе Родригес мындай жер титирөө акыркы 125 жылда болгон эместигин белгиледи.
Жер титирөөдөн кийин 430 жолу афтершок болгону айтылды.
24-июнда Венесуэланын борбору Каракас шаарында 7,2 жана 7,5 магнитудасына жеткен эки жолу жер титирөө катталды. Каракас шаарынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шаарда үйлөр жана имараттар кулады.
Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
Биринчи жолку жер титирөө 24-июнда жергиликтүү саат 18:де Каракас шаарынан 168 чакырым алыстагы Морон шаарында болгон. Экинчи жер титирөө Морон шаарына 16 чакырым жакын жерде болгон.
Сүрөт: AFP




