Венесуэла: Зилзаладан каза тапкандардын саны 900дөн ашты
- 2 месяца мурун
Венесуэладагы жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 920 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирди.
3360 киши жаракат алды, кеминде 172 киши урандылардын алдында жатат.
Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Делси Родригес 589 киши каза болуп, 3 миңдей киши жаракат алганын билдирген.
БУУнун билдирүүсү боюнча, 50 миңдей киши дайынсыз болууда.
24-июнда Венесуэланын борбору Каракас шаарында 7,2 жана 7,5 магнитудасына жеткен эки жолу жер титирөө катталды. Каракас шаарынын Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, шаарда үйлөр жана имараттар кулады.
Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялады.
Биринчи жолку жер титирөө 24-июнда жергиликтүү саат 18:де Каракас шаарынан 168 чакырым алыстагы Морон шаарында болгон. Экинчи жер титирөө Морон шаарына 16 чакырым жакын жерде болгон.
Сүрөт: Reuters




