Өзгөчө ири алдамчылыкка шектүү Молдовадан экстрадицияланды

Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталып, эл аралык издөөдө жүргөн А.Р. аттуу жаран Кыргыз Республикасына экстрадицияланып, тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал жарандардын ишенимине кирип, автоунаа алып берүү жана сатып берүү шылтоосу менен алдап, аларга жалпы 15 млн сомдон ашык материалдык зыян келтирген.

Сүрөт: Башкы прокуратура

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты