Мирлан Самыйкожо өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу Президент Жапаровду маалымат берүүгө чакырды (Видео) 

Бүгүн, 28-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо кийинки кездери мыйзам чыгаруу органын жаманатты кылып, басынтуу аракеттери көбөйгөнүн билдирди. Ал  Президент Садыр Жапаровду өлкөдөгү соңку жагдайга байланыштуу маалымат берүүгө чакырды.

-Ансыз деле «жал-куйругу» кыркылган парламентти ого бетер басынтып, жаман көрсөтүүгө аракет кылып, ар кандай сөздөрдү жалдап жаздырганга өтүштү. Эч ким эч качан эч кимдин «этегине намаз» окубашы керек. Урматтуу калк, силердин турмушуңар менен өлкөнүн тагдырын өз мойнуна алган мамлекет башчы бар. Силер кароосуз калган калк эмессиңер. Ар бир сурооңорго жооп алышыңар керек. Анткени бүт милдетти өз мойнуна алып, жооп берет деп президенттик башкарууну тандагансыңар.

Баткендеги шалаакылыкка, кайдыгерликке сөзсүз жооп берилиши керек. Урматтуу Президент, чындык ачуу болот, чыдагыла. Бийлик менен элдин ортосунда көпүрө болуп, биздин үндү туура, так жеткирсин деп эл бизди шайлап берген. Эл бизди жабык жыйындарды өткөрүп, жабык жармаңке курсун деп добуш берген эмес.

Ачык айтылып, үнүбүз түз жетсин деп добуш берген. Бирок кечээки окуяларды кантип жашырабыз? Купуя деп биз жашырганыбыз менен чек арада чеп болуп турган элдин көзүн таңып, оозун баса алабызбы? Чаржайыт иш алып барган чалгындоо ишине ким жооп берет? Урматтуу президент, керек болсо мамлекеттик жетекчилерди алып, парламентке келип жогоруда айтылган маселелерге жооп алып беришиңиз керек деп чакырып кетем. Эл ушуну күтүп жатат. Болбосо эл үчүн жасап жаткан аракеттериңиз, маяна, пенсияны көтөрүү, мектеп-ооруканаларды куруу өңдүү иш-аракеттериңиз кумга сиңген суудай кургайт,- деди депутат Мирлан Самыйкожо.

Бүгүн, 28-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Баткен облусунун тургундары менен жолугушуп келген депутаттардын маалыматы жабык эшик артында каралды. Буга чейин депутат Султанбай Айжигитов чек ара постторунун алынышы жана кол коюлган протоколдорду жокко чыгаруу сунуштарын берген.

Кыргыз-тажик чек арасында ушул жылдын 14-сентябрында башталган кагылыш 16-сентябрда курчуп кеткен. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги окуяны «Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы» деп атады. 

Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында кайрылуу жасап, Тажикстан агрессия кылганын белгилеген.

Расмий маалыматка ылайык, Тажикстандын куралдуу кол салуусунун айынан 62 кыргызстандык набыт болду.  Арасында лейлектик 15 жаштагы окуучу кыз да бар. 200 кө жакын киши жарат алды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткендеги соңку чек ара жаңжалдын кесепетинен алдын-ала эсеп боюнча 282 объект талкаланганын билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты