МинКаб төрагасы Ханойдо бизнес өкүлдөр менен жолугушууга катышты

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ханой шаарында Вьетнамдын бизнес-коомчулугу менен жолугушууга катышты. 

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Анда айтылгандай, иштеген ишкер чөйрөлөрдүн 70ке жакын өкүлү катышты.  Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечеги, инвестиция тартуу, ошондой эле экономиканын ар кыл тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.  

Министрлер Кабинетинин башчысы айыл чарба жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, энергетика, анын ичинде гидроэнергетика жана энергиянын кайра жаралуучу булактары, туризм жана туристтик кластерлерди түзүү, маалыматтык технологиялар жана санариптик тармактарда Кыргыз-Вьетнам өнөктөштүгүн кеңейтүү үчүн чоң потенциалды белгиледи.

Бизнес диалогдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Таалайбек Иманов, өлкөнүн энергетикалык потенциалы жана негизги энергетикалык долбоорлор жөнүндө энергетика министри Таалайбек Ибраев баяндама жасады. 

 Вьетнамдык ишкерлер өз кезегинде активдүү кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

 Ишкер жолугушуунун алкагында өз ара түшүнүшүү жөнүндө документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги менен Вьетнамдын өнөр жай жана соода министрлигинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен Vtech компаниясынын (Вьетнам)ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум; 

— «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ААК менен Вьетнамдын электр энергетика системасынын жана рыногунун улуттук операторунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.

Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты