Адылбек Касымалиев Вьетнамга барды

  • 1 год мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий сапары менен барды. Ханой шаарындагы «Нойбай» эл аралык аэропортунда ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки мамлекеттин желектери илинди.

МинКаб сайтында кабарлангандай, расмий сапардын алкагында МинКаб башчысы өлкөнүн жогорку жетекчилиги менен жолугушат, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттарын, саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. 

Мындан тышкары сапардын жүрүшүндө бир катар документтерге кол коюлат.

 Адылбек Касымалиев расмий сапардын алкагында өлкөнүн тарыхый-маданий мурастарынын бир катар объектилерине барат, ошондой эле Вьетнамдын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен болгон ишкерлердин форумуна катышат, анын жүрүшүндө соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги талкууланат.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты