Вьетнамда бир катар документтерге кол коюлду
- 1 месяц мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Вьетнамга расмий сапарынын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду.
МинКаб сайтында мындай документтерге кол коюлгандыгы айтылат:
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Вьетнамдын өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
— Эки өлкөнүн Юстиция министрлигинин ортосундагы укуктук кызматташтык жөнүндө өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
— Жарандык Авиация мамлекеттик агенттиги менен Вьетнамдын жарандык авиация башкармалыгынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.
Сүрөт: gov.kg
Муну бөлүшүү