Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту
- 12 месяцев мурун
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушту.
Касымалиев Кыргыз Республикасы көп жылдар бою эки өлкөнүн элдерин байланыштырып турган салттуу достук жана өз ара түшүнүшүү байланыштарын жогору баалаарын баса белгилеп, эки тараптуу кызматташтыкты жогорку деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендигин билдирди.
«Менин өкмөт башчы катары сиздин ажайып өлкөңүзгө болгон сапарым жана биздин жолугушуубуз Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы достуктун жана кызматташтыктын тарыхында жаңы баракты ачат деп ишенем» деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан менен Вьетнамдын ортосундагы товар жүгүртүүнү өнүктүрүүдө позитивдүү динамиканы белгиледи. 2019-2024-жылдар аралыгында товар жүгүртүүнүн көлөмү дээрлик 13 эсеге көбөйгөн.
«Өз кезегинде Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь мамлекеттер ортосундагы саясий жана экономикалык диалогду бекемдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, өз ара сооданы жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоого даярдыгын билдирди.
«Биз Кыргыз Республикасы менен ар тараптуу кызматташууга багыт алганбыз. Эки тараптуу кызматташтыкты ар кандай тармактарда мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешип иштөөгө даяр экенибизди билдиребиз» деди Вьетнамдын премьер-министри.
Жолугушуунун жүрүшүндө соода, инвестиция, өнөр жай, айыл чарба, энергетика, билим берүү, тоо-кен, туризм жана маданият тармактарындагы кызматташуунун негизги багыттары талкууланды. Тараптар транспорттук жана логистикалык байланыштарды кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий сапары менен барды.
Сүрөттөр: gov.kg




