Эки жыл ичинде ата-энелер окуу китептерин сатып албайт. Президент китеп маселеси боюнча суроого жооп берди
- 4 часа мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Аламүдүн районунун тургундары менен жолугушууда, 6-ноябрда, китептердин базарда сатылышына “Учкундун” мурдагы директорунун күнөөсү бар экенин жана ал кызматтан алынганын билдирди.
“Жакында эле китеп басып чыгарууга 8,5 млрд сом бөлүп берүү тууралуу жарлык чыгаргам. Эки жылдын ичинде бир да ата-эне 1-класстан 12-класска чейин баласына китеп сатып албайт. Өткөндө базарда сата коюшпадыбы, ал “Учкундун” жетекчисинин күнөөсү экен. Аны кызматтан кетирдик. Китептердин оордугу боюнча маселени карагыла”, — деди Жапаров.
Жакында бюджеттен жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерди басып чыгарууга 8 млрд 500 млн сом бөлүндү.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тапшырмасы боюнча укук коргоо органдары өлкө базарларында мектеп окуу китептерин сатуу фактылары боюнча текшерүү башталганы маалымдалган.
Ага чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев акысыз бериле турган, мектепте жок окуу китептери Дордой базарында сатылып жатканын айткан. Өзү үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алган.
«Мектептер китептердин жетишсиздигинен жапа чегип, эски окуу китептерин таратып жатканда, мен Дордой базарынан жаңыларын таптым. Мен үчүнчү класстын математика китебин 650 сомго сатып алдым. Окуу китептери мамлекеттик «Учкун» басмаканасында басылып чыккан, аларда «сатылбайт» деп жазылган. Башкалардын бул окуу китептерин басып чыгарууга укугу жок. Бул — коррупция. Кимдир бирөө аларды сатат, биз басып чыгарууга акча бөлүп беребиз» деди депутат.
Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы




