Улуттук банк “Өрүкзар” аттуу коллекциялык күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат

Улуттук банк 2026-жылдын 16-ноябрынан тартып «Кыргызстандын жаратылышы» сериясындагы «Өрүкзар» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. 

«Өрүкзар» коллекциялык монетасын чыгаруу Кыргызстандын уникалдуу жаратылыш объектилерин жана корукка алынган аймактарын сактоого жана даңазалоого багытталган, ал жерлерде өрүктүн өзгөчө сортторун өстүрүү — кылымдардан бери келе жаткан салт. 

Монетанын алдыңкы бетине гүлдөп турган, кооз өрүк бутагы чагылдырылган. Бажырайып ачылган өрүк гүлү жазды, кыргыз жеринин жаңылануусун жана мол түшүмдү элестетет. Монетанын оң жагында «Өрүкзар» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.  

Монетанын арткы бетинде бышып турган өрүктүн мөмөлүү бутагы чагылдырылган. Ал эми оң жагында «Кыргызстандын жаратылышы» деген жазуу тигинен жайгаштырылган.  

«Өрүкзар» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. 

Улуттук банк “Өрүкзар” аттуу коллекциялык күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат
Улуттук банк “Өрүкзар” аттуу коллекциялык күмүш монетаны жүгүртүүгө чыгарат

Сүрөттөр: Улуттук банк

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты