Мектептеги рэкет, буллинг, мушташ: Кылмыштуулукту алдын алуу талабы коюлду

  • 3 месяца мурун

Президенттик администрацияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектеп рэкетчилигинин, бейбаштыктын жана жашы жете электердин арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине арналган видеоконференц-байланыш форматында кеңешме болуп өттү.

Жыйынга тармактык министрликтердин жетекчилери, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты.

Талкуунун негизги темасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде рэкетчилик, зордук-зомбулук, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнүн тынчсыздандыруучу тенденциялары болду. 

Кеңешменин жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлерде ушундай эле отурумдарды уюштуруу жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.

Кийинки кездерде мектеп окуучулары арасында мушташта жабыркаган жана каза тапкан окуялар басымдуулук кылууда. Буга чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда мектеп окуучулары арасында мушташ болуп, 2008-жылы туулган өспүрүм алган жаракаттарынан улам ооруканада каза тапты.

Бишкек шаарынын №72 мектебинин 8-классынын окуучусу Аннас Айтбаев окуучулардын ур-токмогунан кийин каза болуп калгандыгы айтылды. 

Ош облусунун Кара-Суу районунун Манас айыл аймагынын Каратай айылындагы №39 Адылбек Султанов атындагы орто мектепте 2025-жылдын 12-февралында 9-класстын окуучулары менен 11-класстын окуучулары арасында өз ара пикир келишпестик чыгып, натыйжада 9-а класстын окуучусу Турдубаев Адилет жабыркап, көрсөтүлгөн жардамдарга карабастан каза болуп калган.

14-февралда Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 2008-жылы туулган К.Э денесинен жарат алып аймактык ооруканага түшкөн.

ИИМдин маалыматы боюнча, өспүрүмдөр кылмыштуулугу акыркы 5 жыл ичинде 44 пайызга өскөн. 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты