Прокуратура мектепте иштебеген адамдарга айлык акы төлөнүп келгендиги аныкталганын билдирди
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Ак-Сай айылындагы Байбеков атындагы орто мектепте иш жүзүндө иштебеген адамдарга мыйзамсыз эмгек акы төлөнүп келгендиги аныкталды.
Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
“Мектептин жооптуу кызмат адамдары жумуш убактысын эсепке алуу документтерине жана эмгек акы төлөө тизмелерине жалган маалыматтарды киргизип, иш жүзүндө иштебеген адамдарга эмгек акы эсептеп турушкан. Натыйжада мамлекетке 1 млн 700 миң сомдон ашык материалдык зыян келтирилген” деп айтылат маалыматта.
Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүргүзүлүүдө.
Сүрөт: Башкы прокуратура
Муну бөлүшүү




